Марал Радиосу

370 долбоорго 13 млн доллар берилди

Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан быйыл жети айда банктар аркылуу 370 долбоорго 13 млн доллар берилди. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында фонддун  башкармалыгынын мүчөсү Элмурат Абдраимов билдирди.

Анын айтымында, пандемияга байланыштуу фонд үч антикризистик пакет иштеп чыккан.

«Биринчи пакет боюнча түз каржыланган 68 долбоордун насыясынын мөөнөтү 1 жылга чейин узартылган, алардын ичинен: туристтик тармакка 1 жылга чейин, экспорт-импорт менен алектенгендер үчүн 6 айга чейин, башка долбоорлор боюнча 3 айга чейин. Экинчи баскычта биз менен иштешкен банктарга насыянын негизги суммасынын мөөнөттөрү 3 айга чейин узартылды. Үчүнчү баскычта жаңы насыя продукттары иштелип чыкты. Антиковид деген продукт иштелип чыгып, бүгүнкү күнгө чейин ал боюнча 4 насыя берилди. «, — деди ал.

Анын айтымында, быйыл жети айда фонд 12 долборду түз каржылаган. Банктар аркылуу 370 долбоорго 13 млн доллар берилди.