Биз менен байланышыңыз

Улукбек Кочкоров «Биримдик» партиясы менен шайлоого аттанды

Коом , Кыска кабар , Саясат | 19 Авг 2020 | 1708 | 1

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров «Биримдик» партиясы менен шайлоого барат. Мындай маалыматты министрдин жардамчысы Анас Масалиев ырастады.

Масалиевдин айтымында, Улукбек Кочкоров съездде шайлоого талапкер катары бекитилди. Кызматтан кетүү тууралуу арызын азырынча жаза элек.

Азыр съездге катышып келди, «Биримдик» менен шайлоого баратканы чын. Ал эми кызматтан кетүү боюнча арызын жакынкы күндөрү жазат, — дейт министрдин жардамчысы.

Эске салсак, Улукбек Кочкоров Жогорку Кеңештин 5-чакырылышына депутат болгон. Ал 2017-жылы президенттик шайлоого ат салышып, 8,5 миңдей добуш менен жеңилип калгандан кийин, 2018-жылдын октябрында эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри болуп дайындалган.

1 пикир

1 пикир

  1. Токур

    20.08.2020 07:21

    Пвртиялык шайлоо элди тыркыратып болуп жатат, депутат болуунун эн оной жолу партия тузуу экенин элдин баары билет. Ошондуктан куроо коюлуп, отуу тепкичи коюлган шайлоодо элдин кызыкчылыгы эске алынган эмес.

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM