Марал Радиосу

Улукбек Кочкоров «Биримдик» партиясы менен шайлоого аттанды

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров «Биримдик» партиясы менен шайлоого барат. Мындай маалыматты министрдин жардамчысы Анас Масалиев ырастады.

Масалиевдин айтымында, Улукбек Кочкоров съездде шайлоого талапкер катары бекитилди. Кызматтан кетүү тууралуу арызын азырынча жаза элек.

Азыр съездге катышып келди, «Биримдик» менен шайлоого баратканы чын. Ал эми кызматтан кетүү боюнча арызын жакынкы күндөрү жазат, — дейт министрдин жардамчысы.

Эске салсак, Улукбек Кочкоров Жогорку Кеңештин 5-чакырылышына депутат болгон. Ал 2017-жылы президенттик шайлоого ат салышып, 8,5 миңдей добуш менен жеңилип калгандан кийин, 2018-жылдын октябрында эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри болуп дайындалган.