Марал Радиосу

Жээнбеков бүгүн иш сапары менен Нарын облусуна барат

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкө аймактарына болгон иш сапарларын улантууда.

Өлкө башчысы 19-20-август күндөрү 2 күндүк иш сапары менен Нарын облусуна барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчы Кочкор, Ат-Башы, Нарын райондорунда жана Нарын шаарында коронавирус инфекциясынын пандемиясы шартында санариптештирүү жана аймактардагы ички жолдорду реконструкциялоо боюнча долбоорлордун жүрүшүн текшерет. Ошондой эле айыл чарба, ирригация, медицина, билим берүү жана энергетика объктилеринин ишмердүүлүгү менен танышат.

Буга чейин өлкө башчысы Ысык-Көл, Талас, Баткен, Ош жана Жалал-Абад облусттарында иш сапары менен болгон.