Марал Радиосу

“ПСЖ” клубу алгачкы жолу Чемпиондор лигасынын финалына чыкты

Франциялык “ПСЖ” клубу алгачкы жолу Чемпиондор лигасынын финалына чыкты. Бул тууралуу Интерфакс басылмасы жазды.

Лиганын жарым финалында “ПСЖ” клубу “РБ Лейпциг” командасын менен беттешти. Оюн 3:0 эсебинде франциялык команданын жеңиши менен аяктады. “ПСЖ” Чемпиондор лигасынын финалында “Лион – Бавария” командаларынын жеңүүчүсү менен оюн өткөрөт.

Белгилей кетсек, “ПСЖ” клубу өзүнүн тарыхында алгачкы ирет Чемпиондор лигасынын финалына чыкты.

Футболдук клубдун президенти — ‎Нассер Аль-Хелаифи, команда капитаны — Тиагу Силва.