Марал Радиосу

4 күндө Ысык-Көлдү велосипед менен айланып өткөн Максат

Кыргызстанда велосипед тебүү менен ден соолукту чыңдоо демилгеси көтөрүлүүдө.

Туризм тармагындагы жеке ишкер, “Wish travel” фирмасынын директору Максат Суеркулов Ысык-Көлдү төрт күндө велосипед менен айланып өтүү планын ишке ашырууда. Максат мырза ден соолукту бекемдөө демилгесин элге жайылтуу, мамлекеттик демилгеге айландыруу үчүн аракеттенип жүрөт. Велосипед тебүү адамдын ден соолугуна канчалык деңгээлде пайдалуу экенин белгилеп өттү.

-Азыркы кырдаалга ылайык ден соолукка кам көрүү үчүн жакшы иш баштапсыздар. Бул демилгенин көтөрүлүшүнө эмнелер себеп болду?

-Мен өзүм спорт менен машыкканды жакшы көрөмүн. Теннис, футбол ойнойм, марафондорго катышам. 3 жылдан бери велосипед тээп баштадым. Велосипед менен шаарды айланат элек. Ысык-Көлдү  айланып келсемби деген кыялым бар болчу. Бул ишти көптөн бери пландаштырып жатканмын. Быйыл кесиптештеримден дагы 4-5 адам велосипед алышкан. Карантин учурунда коомдук транспорт жок болуп, велосипедди көп колдонуп калдык. Үйгө велосипед менен барып-келип жүрдүк. Июль айынын башынан эле Ысык-Көлдү айланып келүүнү пландаштырып жатканбыз. Ушул күнгө насип болду. Биринчи жолу башталып жатат, бирок адатка айландырабыз деген үмүттөбүз. Досторум чалып, кийинки жылы да жасайлы, биз дагы кошулабыз деп жатышат.

-Демилгенин эң башкы максаты кандай?

-Ден соолукту чыңдоо. Велосипед тебүүнүн ден соолукка болгон пайдасы зор. Көп адамдар велосипед тебүү буттун булчуңдары үчүн гана пайдалуу деп ойлошот. Адамдын бутуна эле эмес, колунун булчуңдарына, моюндарына, белине пайдасы бар. Органдардын иштеши жакшырат. Мисалы, бир кесиптешим, аял киши карантин учурунда велосипед алган, Жалдан борборго келип кетчү. Кадимкидей белим оорубай калды дейт. Арыктап дагы калыптыр. Азыркы күнгө чейин велосипед тебүүнү улантып жатат.

-Бул сапарды качан жана кайсыл жерден баштадыңыздар?

-15-август ишемби күнү кечки саат 22:25те Балыкчы шаарынан баштадык. Караңгыда 30км жол жүрүп, Кара-Шаар айылына чейин жеттик. Ал жерде түнөп, атайын даярдап алган чатырларда жаттык. Баары өзүбүздүн жаныбызда, самоорго чай демдеп, өзүбүз тамак жасадык. Экинчи күнү эрте туруп, ал жерден Тосорго чейин жеттик. Ошондо 70км жол жүрдүк. Ал жакта дагы калып, дүйшөмбү күнү кечинде Каракол шаарына жеттик.

-Жалпы канча км жол жүрөсүздөр?

-Жалпылап айтканда 450км.

-Ушул демилгени улантып, мамлекеттик деңгээлге чыгаруу планда барбы?

-Албетте, мен улам барган жерибизди тартып, Facebook баракчамдан бөлүшүп, комментарий калтырып жатам.  Досторум, тааныштарым көрүп кызыгып, чалып жатышат. Кийинки жылы биз дагы баралы, уюштуралы деп. Жарнама  кылып киргизгендей эле велосипед алгандар көп болду.

-Ар бир иштин өзүнүн кыйынчылыгы болот эмеспи. Велосипед менен жол жүрүүдө кандай кыйынчылыктар жаралды?

-Караңгыда жол жүрүү кыйыныраак экен. Эң эле тоскоолдук кылганы – автоунаа айдаган, эрежени жакшы билбеген айдоочулар. Маданияттуу айдоочулар дагы көп. Маданиятсыз айдоочулар атайын сигналды басып, жөөлөп дагы кетишет. Мисалы, Түпкө жакындап келе жатканда, бир айдоочу мени коюп кете жаздады. Кандай болгону, кантип эреже бузулганын биздин артыбыздагы регистратор видеого тартып алды. Facebook баракчама дагы жүктөйм. Ушул айдоочуну жоопко тартуу үчүн Каракол мэриясына, губернаторуна кайрылуу жасаймын.

-Азыркы учурда канча адам бара жатасыздар?

-Велосипедди төртөөбүз тээп бара жатабыз, артыбызда бир унаа бар. Анын ичинде биздин чатырлар, кийимдер, майда-чүйдө керек нерселер бар.

-Рахмат. Демилге ишке ашып, мамлекеттик деңгээлге чейин жетсин.

Макаланы даярдаган: Махбуба Сайпилаева