Марал Радиосу

«Бир Бол» партиясынын курамы такталды (тизме)

«Бир Бол» саясий партиясы 17-августта партиянын съездин өткөрдү. Анын алкагында партиянын программасы менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмеси жарыяланды.

Съезддеги коноктордун катарында Жогорку Кеңештин депутаты Мыктыбек Абдылдаев, өкмөт аппаратынын мурунку жетекчиси Нурханбек Момуналиев, «Кыргыз Концептин» негиздөөчүсү Эмил Үмөталиев жана башкалар болду.

«Бир Бол» саясий партиясынын лидери Алтынбек Сулаймановдун айтымында, саясий кеңештин курамы демилгелүү жаштар жана жаратман команда менен толукталды. Алар — экономика, медицина, билим берүү, айыл чарба, маданият ж.б. тармактар боюнча эл аралык тажрыйбасы мол лидерлер.

«Бир Бол» партиясынын тизмеси (алдыңкы 20 орун):

1. Алмамбет Шыкмаматов

2. Жоомарт Жолдошев

3. Фарходбек Алимжанов

4. Айжан Чыныбаева

5. Мирбек Асангариев

6. Руслан Акматбек

7. Жодар Сайдилканов

8. Зарина Чекирбаева

9. Нурсултан Кубанов

10. Алтынбек Сулайманов

11. Нурбек Мурашев

12. Гүлнура Төралиева

13. Дүйшөн Төрөкулов

14. Рамис Мамбеталиев

15. Эсенкул Момункулов

16. Чынар Капарова

17. Советбек Рустамбек уулу

18. Темирбек Ажыкулов

19. Абдисаит Каримбеков

20. Екатерина Филаретова.

Башка партиялардын жарыяланган алдын ала тизмеси:

«Реформа»;

 «Чоң Казат»;

«Замандаш»;

«Бүтүн Кыргызстан»;

«Ата Мекен»;

«Бир Бол»;

«Биримдик»;

«Республика» .

Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрга белгиленген. Үгүттөө иштери 4-сентябрдан 3-октябрга чейин жүрөт.