Марал Радиосу

Ахматбек Келдибеков «Мекеним Кыргызстанга» кошулду

Саясатчы Ахматбек Келдибеков шайлоого «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен барат.

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын лидери Мирлан Бакиров менен «Ата-Журт» партиясынын айрым өкүлдөрү шайлоого чогуу аттануу боюнча меморандумга кол коюшту.

Жакында эле «Мекеним Кыргызстанга» «Бирик» жана «Табылга» партиялары кошулган болчу.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага катышуу үчүн 43 партия катталган. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 4-сентябрда башталат.