Марал Радиосу

Кыргыз темир жолу бейтапканасы кадимки тартипте иштей баштады

Кыргыз темир жолу бейтапканасы кадимки тартипте иштей баштады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, азыркы учурда бейтапкана кадимки тартипте иштеп, медициналык мекеменин багытына туура келген бардык бейтаптарды кабыл ала баштады.

Белгилей кетсек, 15-августта бейтапкананын эмгек жамааты COVID-19 илдетинен сакайган акыркы жаранды үйүнө салтанаттуу түрдө узатышкан. Курагы сексенге келип калган байбиче дарыгерлердин жардамында илдетти жеңип чыккан. Ал COVID-19 илдетине кабылып, эки тараптуу пневмония болгону аныкталган.