Марал Радиосу

Япония: Абанын температурасы боюнча рекорд катталды

Япониянын Хамамацу шаарында өлкө боюнча абанын эң жогорку температурасы катталды. Шаарда абанын температурасы 41.1 градуска жеткен. Бул тууралуу Kyodo агенттиги билдирди.

Ал эми өлкөдөгү мурунку рекорд 2018-жылдын 23-июлунда Кумагая шаарында 41 градус болуп катталган болчу. Учурда Япониянын борбору Токиодо абанын температурасы +35 градустун тегерегинде.

Жапон бийлиги калкты ушундай ысыкта себепсиз үйдөн чыкпоого үндөйт.