Марал Радиосу

Курсан Асанов менен Тынчтыкбек Конушбаев “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясына кошулду

Генерал Курсан Асанов менен депутат Тынчтыкбек Конушбаев «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы менен шайлоого аттанат. Бул тууралуу алар Фейсбук баракчасына жарыялашты.

Буга чейин «Ак Шумкар» партиясынын төрагасы Темир Сариев жана коомдук-саясий ишмер Кубанычбек Исабеков дагы «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясына кошулушкан.

Кошумчалай кетсек, учурда “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы менен 7 партия бирикти.

Алар:

1) “Кыргызстан коммунисттер” партиясы – Исхак Масалиев;
2) “Эрк” партиясы – Турсунбай Бакир уулу;
3) “Эгемен Кыргызстан” партиясы – Бектур Асанов;
4) “СССР” партиясы – Ишенбай Кадырбеков;
5) “Ак калпак” партиясы – У. Маматаев;
6) “Улуу көч” партиясы – А. Момунов.
7) “Бүткүл жаштар” партиясы – Ч. Капаров.

Жогорку Кеңешке шайлоо ушул жылдын 4-октябрында өтөт. Ага катышуу ниетин билдирген партиялар 20-августка чейин съезддерин өткөрүп, талапкерлердин тизмесин БШКга тапшырышы керек.