Марал Радиосу

Ош шаарындагы түнкү стационарлар жабылды

17-августтан тарта Ош шаарында күнү-түнү иштеген стационарлардын иш убактысы өзгөрөт. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.

Анда айтылгандай, 17-августтан тарта Ош шаарындагы күнү-түнү иштеген стационарлар күндүзгү маал гана иштемекчи.

Шаарда түндө ооруп, стационарга кайрылган бейтаптардын саны кескин азайган. Мындан улам алар түнкү стационарларды жабууну чечишкен.