Тийиштүү мамлекеттик органдарга бир катар мамлекеттер менен эл аралык каттамдарды калыбына келтирүү боюнча ишти күчөтүү милдеттендирилди. Бул тапшырманы премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында тапшырганын өкмөттүн пресс-кызматы маалымдады.
Ошондой эле отурумда мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесиндеги «Торугарт-автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунун ишин жандандыруу боюнча сөз болду.