Марал Радиосу

Дүйнө боюнча коронавирусту жуктургандар 21 миллиондон ашты

Бүгүн, 15-августка карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын жуктургандардын жалпы саны 21 066 992 адамга жетти. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин маалыматында айтылат.

Алардын ичинен 13 044 377 адам илдеттен айыкса, оорунун кесепетинен 762 997 бейтап көз жумду. Бейтаптардын көбү − Америка (5,3 млн адам), Бразилия (3,2 млн адам) жана Индияда (2,4 млн адам).

Айрым өлкөлөрдө карантин чаралары кайрадан күчөтүлүүдө. Эксперттер эгер кишилер эрежелерди сактабаса, вирус көпкө сакталарын, дүйнө «апааттын ортосунда» каларын эскертти.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) коронавирустун тамак-аш аркылуу тарай турганын тастыктаган далилдер жоктун билдирди. Уюм кишилерди вирусту тамактан жуктуруп алам деп коркпоого чакырды.

Exit mobile version