Биз менен байланышыңыз

Токталиев: Турфирмалар боюнча реестр иштебей, көп маселе жаралууда

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Авг 2020 | 581 | 0

Пандемияда өлкөдөгү туристтик фирмалар табигый түрдө «тазаланды.» Лицензия, шарттары жок иштеп жүргөн фирмалардын көпчүлүгү жабылууга аргасыз болду. Бул тууралуу «Travel Shop» туристтик агенттигинин директору Талант Токталиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда жарандар менен түз иштешкен фирмалар ишин токтоткон жок. Негизинен Кыргызстанда айрым туристтик фирмалардын айынан адамдар көп жабыркап жатышат.

«Кичи турфирмалар билеттерди кымбат сатышты. Биз «билет сатпагыла, каттамдар жабылат» деп эскерткенибизге карабай акчага кызыгып, турларды саткандар болду. Бирок азыр залакасын көрүп жатышат. Алар «арзан билет сатабыз» деп акча алат, ал билеттер аэропорттон жок болуп калууда. Жарандарын кайрылуусу көп«, — дейт Токталиев.

Ал белгилегендей, өлкөдө турфирмалар ички жана сыртка туризмге бөлүнбөгөндүктөн, фирмалар боюнча реестр иштебегендиктен көп маселе жаралууда.

«Кыргызстанда күрөөкана, турфирма ачып деле билет сатууга болот. Мындан улам турфирмалар үчүн ыктыярдуу лицензия алууну киргизүү керек. Бул боюнча Туризм департаментине сунуш бергенбиз. Реестрди иштете албай жатышат», — деди Токталиев.

Маалыматка ылайык, учурда 350 турфирманын үч жүзгө жакыны жабык турат.

«Турфирмалардын 30%га жакыны толук жабылып калды»

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM