Биз менен байланышыңыз

«Турфирмалардын 30%га жакыны толук жабылып калды»

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Авг 2020 | 537 | 0

Пандемиядан улам Кыргызстандагы туристтик фирмалардын дээрлик 85 пайызы жумушсуз калды. Бул тууралуу «Travel Shop» туристтик агенттигинин директору Талант Токталиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, ар бир туристтик фирмада 10-20 киши иштечү. Майда фирмалар жабылды.

«Турфирмалардын 30 пайызга жакыны толук жабылып калды. Калганы ишин токтотуп, кызматкерлерин эс алууга жөнөтүштү. Алардын жетекчилерин да түшүнөм, анткени 2-3 айда эле чыгашаларыбыз 20 миң доллардан ашып кетти. Көп чыгым болууда, кызматкерлер маянасыз калып жатышат», — дейт Токталиев.

Ал белгилегендей, туристтик операторлор дагы турлар боюнча жарандардан мурда алынган акчаларды кайра кайтарып бере албай калышты.

«Туроператорлор банкрот болуп калса, кардарлар менен биздин мамилебизге залака тийип, көп чыр-чатак болмок. Ошого байланыштуу ассоциация, туристтик компаниялар биригип, тураоператорлорго кардарлардын акчасын кайтарып баштоосун айттык. Алар береселерди жаңы турга алган каражаттын эсебинен төлөп жатышат«, — дейт Токталиев.

Маалыматка ылайык, пандемияга чейин Кыргызстанда туристтик фирмалардын, агенттиктердин саны 350дөн көп болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM