Марал Радиосу

Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган китептер басылып чыкты

Билим берүү жана илим министрлиги мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча улуттук программанын алкагында 18 аталыштагы китептерди басып чыгарды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

7 аталыштагы 8 миң 409 нускада басылып чыккан китеп ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн, 1 китеп мектеп, калган 10 аталыштагы китеп орто жана жогорку кесиптик билим берүүгө багытталган.

Китептердин кол жазмаларын кабыл алууда кесиптик окуу жайлардын жана Билим берүү академиясынын, Окумуштуулар кеңешинин чечимдери эске алынды.

Китептер тиешелүү окуу жайларга бөлүштүрүлүп, азыркы тапта аймактарга жеткирилүүдө.