Марал Радиосу

Максат Дамир уулу Туризм департаментинин жетекчилигинен кетти

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин жетекчиси Максат Дамир уулу кызматтан кеткенин жарыялады. Ал бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Максат Дамир уулу Туризм департаментинин директору болуп 2018-жылдын 20-ноябрында дайындалган.

Туризм департаментин ага чейин азыркы маданият министри Азамат Жаманкулов жетектеген.