Марал Радиосу

COVID-19: Каза болгондордун саны 1,5 миңге чукулдады

Кыргызстанда 14-августка карата COVID-19 илдетинен дагы 4 бейтап көз жумду. Бул тууралуу Респбликалык штаб кабарлайт.

Бишкек шаарында – 1,  Талас облусунда – 1, Ош облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда 1 киши каза болгон.

Пандемия башталгандан бери коронавирустан 1491 киши каза тапты.

Өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны (пневмонияны эске алганда) 41 миң 373 болду. Бул илдетти жеңгендердин саны 33 миң 622ни түздү.