Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров «Мекеним Кыргызстандын» катарына кошулду

Кыска кабар | 13 Авг 2020 | 2008 | 1

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров «Мекеним Кыргызстан» партиясынын катарына кошулду. Ал партиянын саясий кеңешинин 12-августта өткөн жыйынында тартылган сүрөттөрдө пайда болду.

Партиянын Фейсбукка жарыялаган маалыматына караганда, жыйынга «Мекеним Кыргызстандын» саясий кеңешинин мүчөлөрү, аймактардагы өкүлдөрү жана Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов катышып, парламенттик шайлоодо алып чыга турган программанын финалдык версиясы иштелип чыкты.

Саясий кеңештин төрагасы Мирлан Бакировдун айтымында, партиянын программасы өлкөгө чыныгы реформаларды, ар тараптуу өнүгүүнү алып келет.

«Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын съезди 19-августта өтөт. Программанын финалдык версиясы жакынкы күндөрдө партиясынын интернет сайтына, социалдык тармактагы баракчаларына жарыяланат.

Шайлоо 2020: “Бирик” менен “Мекеним Кыргызстан” партиялары бирикти

1 пикир

1 пикир

  1. Жаркынай

    14.08.2020 13:11

    Мекеним кыргызстанга добуш берем

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM