Биз менен байланышыңыз

Артур Цветков кыргызстандык мигранттан кечирим сурады (видео)

Кыска кабар | 13 Авг 2020 | 22511 | 1

Орусиялык теле алып баруучу Артур Цветков Москвада иштеп жүргөн кыргызстандык мигранттан кечирим сурады. Ал арызын артка кайтарып алууну убадалады.

Бул тууралуу КТРКнын Орусиядагы кабарчысы Мирбек Молдакунов Фейсбуктагы баракчасына жазып, сүрөт, видео жарыялады.

11-августта орусиялык теле алып баруучу экени айтылган Артур Цветков Москвадагы тез тамактануучу жайлардын биринде иштеген кыргыз жараны менен чырдаша кеткен. Ал кафеге кирерде кыргыз бала андан беткап тагынуусун суранган. Бирок Цветков орой мамиле жасап, аны өлкөдөн депортация кылдырып саларын айткан. Андан кийин теле алып баруучу полиция кызматкерлерин чакырып, анын үстүнөн арыз жазган.

Бул окуя кыргыз коомчулугунда катуу сынга алынып, теле алып баруучунун социалдык тармактагы баракчасын блоктоп салууга чакырышкан.

Артур Цветков MTV телеканалында иштей турганын айткан. Кийинчерээк бул телеканалдын жетекчиси Яна Чурикова ал 15 жылдан бери бул каналда иштебей турганын билдирди.

 

1 пикир

1 пикир

  1. Гулмира

    14.08.2020 00:36

    Бизди масканы так дейишсе,тагып коюп жатабызко. Азыр ушундай заман болуп жатпайбы? Орусиялык болуп туруп, телевидинияда иштеген экен, эс-акыл деген болуш керекко? Урушунгусу келсе, уйуно барып каалыганынча урушунсун.Орусу болобу, башка болобу. Элге озуну корсотуп урушунганды эмне кереги бар?Кассадагы турган адамдар чыгырган жок бул мыйзамды. Адам деген ушундай экенда!!!

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM