Марал Радиосу

Артур Цветков кыргызстандык мигранттан кечирим сурады (видео)

Орусиялык теле алып баруучу Артур Цветков Москвада иштеп жүргөн кыргызстандык мигранттан кечирим сурады. Ал арызын артка кайтарып алууну убадалады.

Бул тууралуу КТРКнын Орусиядагы кабарчысы Мирбек Молдакунов Фейсбуктагы баракчасына жазып, сүрөт, видео жарыялады.

11-августта орусиялык теле алып баруучу экени айтылган Артур Цветков Москвадагы тез тамактануучу жайлардын биринде иштеген кыргыз жараны менен чырдаша кеткен. Ал кафеге кирерде кыргыз бала андан беткап тагынуусун суранган. Бирок Цветков орой мамиле жасап, аны өлкөдөн депортация кылдырып саларын айткан. Андан кийин теле алып баруучу полиция кызматкерлерин чакырып, анын үстүнөн арыз жазган.

Бул окуя кыргыз коомчулугунда катуу сынга алынып, теле алып баруучунун социалдык тармактагы баракчасын блоктоп салууга чакырышкан.

Артур Цветков MTV телеканалында иштей турганын айткан. Кийинчерээк бул телеканалдын жетекчиси Яна Чурикова ал 15 жылдан бери бул каналда иштебей турганын билдирди.