Марал Радиосу

Беларусиядагы нааразычылык жүрүштө 7 миңдей жаран кармалды

Беларусияда 13-августка караган түндөгү нааразычылык акциясында 700 адам кармалды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Ички иштер министрлиги маалымдады.

Буга чейин ИИМдин маалыматына ылайык:

Беларусияда нааразычылык акциясы башталгандан бери кармалгандардын жалпы саны 6 миң 700гө жетти.

Беларус бийлиги шайлоо жыйынтыгына нааразылык билдирген демонстранттарга каршы ок атуучу курал колдонулганын ырастады.

«Брестте демонстранттар тобу арматура менен милиция кызматкерлерине кол салышкан. Аларды токтотуу үчүн эскертүүчү октор атылган. Кызматкерлердин өмүрүн жана ден соолугун коргоо үчүн ок атуучу курал колдонулган. Кол салгандардын бири жараат алды», — дейт министрлик.

Беларусиядагы нааразычылык акциялары өлкөдө президенттик шайлоодон кийин башталган. БШКнын маалыматы боюнча, учурдагы мамлекет башчы Александр Лукашенко 80,08% добушка ээ болгон. Буга нааразы болгон көпчүлүк толкундоого чыккан. Оппозициячыл талапкер Светлана Тихановская президенттик шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныбай турганын айтып, бийликтин кысымы менен өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгонун билдирди.