Биз менен байланышыңыз

Казакстан сыноодон өтпөгөн вакциналарды сатып албайт

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Авг 2020 | 363 | 0

Казакстан коронавируска каршы толук сыноодон өтпөгөн вакциналарды сатып албайт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Багдат Кожахметов билдирди.

Анын айтымында, бул 11-августта Владимир Путин каттоодон өткөрүлгөнүн жарыялаган орусиялык вакцинага да тиешелүү.

«Бүгүнкү күнгө карата Казакстан вакцина сатып алуу боюнча бир дагы келишимге кол коё элек. Анткени алар сыноонун акыркы — төртүнчү баскычынан өтө элек», — деди Кожахметов.

Орусиянын «Спутник V» деген аталышка ээ болгон вакцинасы бардык зарыл болгон клиникалык сыноолордон өтпөгөнү белгилүү. Ал мамлекеттик каттоого алынгандан кийин сыноонун үчүнчү баскычынан өткөрүлөт. Орус өкмөтү алгачкылардан болуп бул вакцинаны медицина кызматкерлери жана мугалимдер аларын билдирген.


Орусия коронавируска каршы вакцинанын баасын жарыялады


​Орусиянын Клиникалык изилдөөлөр боюнча уюмдарынын ассоциациясы COVID-19га каршы вакцинаны сыноонун үчүнчү баскычынан өткөнгө чейин мамлекеттик каттоого албай турууга чакырган. Бирок өлкөнүн Саламаттык сактоо тармагын көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматы бул сунушту колдогон эмес. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тигил же бул вакцинаны колдонууга сунуштаганга чейин ал коопсуздугу жана натыйжалуулугу боюнча жакшылап сыноодон өтүшү керектигин билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM