Марал Радиосу

Казакстан 17-августтан тарта эл аралык аба каттамдарын жандантат

Казакстан эл аралык аба каттамдарды 17-августтан тарта этабы менен ишке киргизет. Алгачкы каттамдагы учактар Бириккен Араб Эмираттары, Беларусия, Германия, Нидерланды, Египет, Украина жана Орусияга учат. Ал эми каттамдардын санын эки тарап абалга жараша аныктайт.

Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдиргендей, Өзбекстандан туруктуу каттамды жандандыруу сунушу түшкөн. Бул план ушул айдын аягында ишке ашышы мүмкүн.

Ошондой эле аба байланышын жандандыруу боюнча Кувейт өлкөсүнөн да расмий сунуш келди. Учурда бул маселенин үстүнөн республикалык ыкчам штаб иштеп жатат.