Марал Радиосу

Ошко Орусиядан дагы 327 кыргызстандык келди

13-августта «Аэрофлот» авиакомпаниясынын Москва − Ош багыты боюнча кезектеги чартердик каттам менен Кыргызстанга Орусиядан 327 кыргызстандык келди, анын ичинде 59 жаш бала бар.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси кыргыз диаспорасынын, Элчиликтин кызматкерлеринин, ИИМ жана Орусиядагы кыргыз өкмөтүнө караштуу ММК өкүлдөрүнөн турган комиссия тарабынан түзүлгөн.

Каттамга Орусиянын ЖОЖдорунда окуган студенттер, төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле мекенине чукул түрдө кайтуусу зарыл болгон жарандар кирди.