Марал Радиосу

Казакстан: Сутка ичинде 2 миңден ашык адам коронавирустан айыкты

Акыркы суткада Казакстанда 517 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Алардын ичинен 278 адамда оорунун клиникалык белгилери жок экенин коронавируска каршы күрөшкөн ыкчам штаб билдирди.

Казакстанда пандемия башталгандан бери 101 миң 372 адам коронавирус менен катталды.

Бир сутка ичинде 2079 вирустук инфекциядан сакайды. Коронавирусту жеңгендердин жалпы саны 76 миң 756ны түздү.