Марал Радиосу

Сокулуктун акими медиктердин кенемтеси кармалган үчүн сөгүш алды

Чүй облусунун Сокулук районунун акими Асылбек Сатывалдиевге сөгүш жарыяланды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Кубатбек Боронов кол койду.

Өкмөттүн маалыматына караганда, Сокулук районунун акими COVID-19 илдетине чалдыккан бейтаптар менен иш алып барган медициналык кызматкерлердин компенсациялык төлөмдөрү кармалганы үчүн сөгүш алды.

Мындан мурда премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында медициналык кызматкерлерге кошумча төлөмдөрдүн кармалуусу тууралуу маселени карап чыгып, ага жол берген жооптуу жактарга карата тартиптик жаза иретинде чара кабыл алуу маселесин тапшырган.