Марал Радиосу

Азамат Болгонбаев КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагалыгынан кетти

Азамат Болгонбаев Коомдук биринчи каналдын Байкоочу кеңешинин төрагалыгынан кетти. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды. Ал Байкоочу кеңештин мүчөлүгүнөн да кетти.

Азамат Болгонбаев 2017-жылы КТРКнын Байкоочу кеңешине «Айтыш» коомдук фондунан көрсөтүлүп, барган. Быйыл 6-февралда Байкоочу кеңештин төрагасы болгон.

Exit mobile version