Марал Радиосу

Зеленский кумар оюндарын легалдаштыруучу мыйзамга кол койду

Украинанын президенти Владимир Зеленский кумар оюндарын мыйзамдаштыруу жөнүндө документке кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын расмий сайтында жарыялангандыгын чет элдик басылмалар жазды.

Документте уруксат берилген иш-аракеттердин тизмеси, оюн-зоок мекемелерине кирүү жана кумар оюндарына катышуу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын реестрин түзүү көрсөтүлгөн. Кумар оюндарын 21 жашка толгон жарандар гана ойной алышат.

Мыйзам долбоору төмөнкүлөргө уруксат берет:

  • кумар оюндарын уюштуруу жана өткөрүү;
  • онлайн казино оюндарын уюштуруу;
  • букмекердик кеңселерде жана Интернетте букмекердик иш-чараларды уюштуруу жана жүргүзүү;
  • оюн автоматтарын уюштуруу жана өткөрүү;
  • онлайн покер кумар оюндарын уюштуруу жана өткөрүү.
  • Оюн-зоок жайларында, казинолордо беш жылдыздуу жана төрт жылдыздуу мейманканаларда, ошондой эле атайын оюн зоналарында ачууга уруксат берүү;
  • Оюн автомат залдарын «үчүнчү», «төртүнчү» жана «бешинчи» категориядагы мейманканаларда ачууга уруксат берүү.

Ошондой эле алар мамлекеттик органдардын имараттарынан, диний имараттардан жана билим берүү мекемелеринен 500 метр алыстыкта жайгашуусу керек.

Кумар оюндарын жүргүзүү үчүн лицензия талап кылынат. Ошондой эле жаңы беш жылдыздуу мейманкана кура турган инвесторлор үчүн 10 жылга акысыз лицензия берилет.

Мындан тышкары, кумар оюндарын жөнгө салуу боюнча мамлекеттик комиссия жана Медицина, спорт жана маданиятты колдоо фонду түзүлөт.

Украинада кумар оюндарына 2009-жылдан бери расмий түрдө тыюу салынган, бирок эксперттер бул «көмүскө» түрүндө иштеп келгендигин белгилешет.

Exit mobile version