Биз менен байланышыңыз

Президенттикке талапкер Светлана Тихановская Беларусиядан чыгып кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Авг 2020 | 1662 | 0

Беларусияда өткөн президенттик шайлоодо Александр Лукашенкого башкы атаандаш болгон Светлана Тихановская өлкөсүнөн чыгып кетти. Тихановская учурда Литвада экендиги айтылууда.

Белгилей кетсек, 9-августта өткөн шайлоодо Беларус өлкөсүнүн учурдагы президенти Александр Лукашенко шайлоонун жыйынтыгы боюнча 80,23 пайыз добушка ээ болуп, алдыга озуп чыккан. Ал эми Светлана Тихановская 9,90% добуш алды.

Тихановская бул натыйжаны тааныбай турганын айтып, шайлоонун жыйынтыгы боюнча БШКга арыз бергенден кийин байланышка чыкпай калган.

Учурда Беларусияда абал тынч эмес, эки күндөн бери толкундоолор токтой элек. Полиция кызматы нааразы болгондорду таратуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ менен кулак тундуруучу гранаталарды колдонууда. Акыркы маалыматтар боюнча кагылышуудан 2 адам каза болду.


Нааразычылык менен коштолгон Лукашенконун жеңиши: шайлоону кимдер тааныды?


Беларус президенти Александр Лукашенконун өлкөсүн 1994-жылдан бери башкарып келет, президенттик шайлоого 6-ирет катышууда.

Copyright © 2017 Maral FM