Марал Радиосу

Жаңы окуу жылында окутуу түрү боюнча ата-энелерге тандоо укугу берилет

Жаңы окуу жылында окутуу түрү боюнча ата-энелерге тандоо укугу берилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Айнура Кусеинова «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, эпидемиологиялык кырдаал туруктуу аймактарда (“жашыл зона”) бардык талаптарды аткаруу менен окутуу салттуу түрдө жүргүзүлөт деген учурда ата-энелер балдарын мектепке жибергиси келбесе, анда арыз жазуу менен балдарын дистанттык түрдө окутушат.

«Мындай дистанттык түрдө окутууда мугалимдер байланышка чыгып, балдарды аралыктан окутушат. Эгерде ата-энелер дистанттык окутууга каршы болсо, анда ал учурда дагы салттуу түрдө окутууга арыз жазып, мектеп менен ата-эненин ортосунда келишим түзүлөт» , — деди Кусеинова.

Келишимде эки тараптын тең милдеттемелери, тактап айтканда, мектеп эмне кылыш керектиги жана ата-энелерге кандай жоопкерчилик жүктөлөрү так жазылат.