Марал Радиосу

Коронавирустан сакайгандардын саны 32 миңден ашты

Бүгүн, 11-августка карата Кыргызстанда COVID-19 илдетинен 535 бейтап сакайды. Аларды аймактар боюнча алып караганда төмөнкүдөй бөлүнөт:

-Бишкек – 45;
-Чүй облусу – 40;
-Ош облусу – 93;
-Талас облусу – 43;
-Нарын облусу – 30;
-Ысык-Көл облусу – 74;
-Жалал-Абад облусу – 87;
-Баткен облусу – 61;
-Ош шаары – 62 бейтап.

Коронавирустан айыккандардын жалпы саны 32 миң 764 киши болду.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 40 миң 455 учурга жетти. Анын 32 миң 764ү сакайды, 1478и каза болду.