Марал Радиосу

Үч айда алты жүздөн ашык кыргызстандык бекер юридикалык кеңеш алышты

112 ыкчам байланышы боюнча үч ай ичинде алты жүздөн ашык кыргызстандык бекер юридикалык консультацияларды алышты.  Анын ичинен Бишкек шаары боюнча — 417 адам, аймактар боюнча – 197 адам.

Кайрылгандардын ичинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 19 жаран консультация алган.

Жарандар көбүнесе жарандык укуктук мамилелер, эмгек укугу, үй-бүлөлүк укуктук мамилелер, үй-бүлөлүк зомбулук, социалдык коргоо маселелери, документ алуу маселелери боюнча юристтен кеп-кеңеш алуу үчүн кайрылышкан.

Ошондой эле, мамлекеттин эсебинен квалификациялык юридикалык жардамга 56 адам муктаж болгондугу аныкталып, алар мамлекет тарабынан кепилденген Юридикалык жардамды координациялоо боюнча борборго жиберилген.

Кыргызстанда 2020-жылдын 1-майынан 31-июлуна чейин «Ыкчам байланыш» иштеп, анын негизинде юристтер БУУнун Өнүктүрүү Программасынын колдоосу менен ӨКМдин Бирдиктүү нөөмөттүк-диспетчердик кызматы 112 аркылуу консультацияларды көрсөтүп турду.

Мындай колдоо өлкөдө COVID -19 вирусунун жайылышына байланыштуу киргизилген «өзгөчө абал» жана «өзгөчө кырдаал» режими учурунда көрсөтүлгөн.