Марал Радиосу

Кыргызстанда пенсиянын көлөмү жогорулайт

Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия жогорулайт. Социалдык фонд пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоо боюнча өкмөттүн токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Ага ылайык, 4 миң 286 сом пенсия алган жарандардын пенсиясынын базалык бөлүгүн 100 сомго көтөрүү сунушталууда. Соцфонддун маалыматына караганда, мындай көлөмдөгү пенсияны өлкө боюнча 261 миң 800 пенсионер алат.

Ал эми камсыздандыруу бөлүгүн 200 сомго көтөрүү пландалууда. Эгер пенсиясы 4 миң 286 сомдон жогору болсо, алардыкына 360 сом кошулат.

«Базалык жана камсыздандыруучу бөлүктөрдү индексациялоонун жыйынтыгы боюнча, жалпы пенсиянын орточо өлчөмү 6 миң 61 сомду түзөт, бул 7 пайызга же 397 сомго көбөйөт дегенди билдирет», — деп айтылат маалыматта.

Социалдык фонддун алдын ала эсептөөсүнө ылайык, өлкөдө пенсионерлердин саны 1-октябрга карата 689 миңге жетет.