Марал Радиосу

Бишкекте дагы 3 стационардын иши токтотулду

Бишкекте дагы 3 стационардын иши токтотулду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Акыркы бир суткада күндүзгү стационарларга 733 киши кайрылган, (бул стационарлар ачылгандан бери эң аз сан), ал эми 9-августтан 10-августка караган түнү түнкү стационарларга 42 киши кайрылган.

«Чыгымдарды оптимизациялоо жана күз-кыш мезгилине адам ресурстарын сактоо үчүн жарандар аз кайрылган стационарлар убактылуу жабылууда. Аламүдүн кичирайонундагы №38 мектептеги күндүзгү стационар, CONSUL ресторанындагы жана «ДСК» спорткомплексиндеги түнкү стационарлар ишин токтотту«, — деп билдирет мэрия.

Санитардык бөлүктөрдүн иши токтотулганына байланыштуу медиктердин саны азайтылды. Азыр 137 адам иштеп жатат: 40 дарыгер, 50 медайым, 30 санитар жана ыктыярчылар.