Мелис Эржигитов Мамлекеттик ипотекалык компаниянын маалымат катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Эржигитов буга чейин Өкмөт Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары, Премьер-министрдин маалымат катчысы, биринчи вице-премьер-министрдин консультанты болгон.
Акыркы жылдары Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматынын жетекчиси болуп иштеген.