Марал Радиосу

Мелис Эржигитов Мамлекеттик ипотекалык компанияга маалымат катчы болду

Мелис Эржигитов Мамлекеттик ипотекалык компаниянын маалымат катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Эржигитов буга чейин Өкмөт  Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары, Премьер-министрдин маалымат катчысы, биринчи вице-премьер-министрдин консультанты болгон.

Акыркы жылдары Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматынын жетекчиси болуп иштеген.