Марал Радиосу

Замир Ракиев Бишкек шаарынын казысы болуп дайындалды

Бишкек шаарынын мусулмандарынын казысы болуп Замир каары Ракиев дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев кол койду.

Бишкектин буга чейинки казысы Садриддин Мажитов 10-июлда каза болгон.

Замир каары Ракиев 2007-2008-жылдары Чүй облусунун Аламүдүн районунун «Абу Бакр Сыддык» медресесинде мугалим болгон.

2008 -2010-жылдары ушул эле медреседе директор;

2010 – 2011-жылдары Нарын облусунун казысы;

2011 -2016-жылдары Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийинин орун басары;

2016- 2017-жылдары Кыргызстан мусулмандар дин башкармасынын окуу бөлүмүнүн башчысы;

2017-жылдын май айынан тарта Азирети муфтийдин орун басары болуп эмгектенип келген.