Биз менен байланышыңыз

Өлкөдө китеп конкурсу башталды

Кыска кабар | 10 Авг 2020 | 1452 | 0

Эркектер арасында «ХАЯТУС САХАБА», аялдар арасында «АЗИРЕТИ АЙША» китебинен китеп конкурсу жарыяланды. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучусу «Адеп Башаты» диний уюмунун маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, сынакка катышуу үчүн катталуу талап кылынбайт. Катышуучу сынак тапшырып жатканда гана каттала алат. Конкурска бардык каалоочулар катыша алат. Жаш курак боюнча жана аймактык чектөө жок.

Сынак 19-сентябрь күнү саат 12:00дө онлайн форматта өтөт.

Сурап билүү номурлары: 0553011319, 0777011319.

«Конкурс элибиздин китеп окуу маданиятын өнүктүрүү, китепке болгон сүйүүсүн арттыруу максатында уюштурулуп жатат. Китептерди сатып алуу үчүн «Book House» китеп дүкөндөрүнө кайрылыңыздар. Байланыш телефондору: 0705 509501 , 0507501509, 0776 501509, 0559501509, онлайн буюртма», -деп айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM