Биз менен байланышыңыз

Аскаров: Жыл соңуна чейин сексенден ашык инженердик техника алынат

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Авг 2020 | 694 | 0

Жыл соңуна чейин Кыргызстанга сексенден ашык инженердик техника алынып келет. Учурда Азия өнүктүрүү банкы аркылуу сатып алуу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда ӨКМдин карамагында иштеп жаткан инженердик техникалардын экилиги жетти. Жаңы техникалар келсе, инженердик техникалардын курамы бир топ жаңыланат.

«Алдыда алдын алуу иштерин жүргүзүү, даяр туруу максатында ар бир район, облустун борборуна инженердик техникаларды коёбуз. Табигый кырсыктардын алдын алуу иштеринде инженердик техникалардын ролу чоң. Алар кооптуу жерлерде, катаал шарттарда иштейт. Мындан улам иштөө мөөнөтү кыскарат», — дейт Аскаров.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM