Марал Радиосу

Бир суткада 10 медициналык кызматкерден коронавирус аныкталды

Бир сутка ичинде Кыргызстан боюнча 10 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Тактап айтканда, Бишкек шаарында 1, Ош шаарында 2, Баткен облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1, Чүй облусунда 1, Нарын облусунда 1 учур катталды.

Ошол эле учурда бир суткада 12 медициналык кызматкер айыгып ооруканалардан  чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининде дарыланып жаткан 60 медициналык кызматкер сакайды.

COVID-19 вирусу жалпы 2938 медициналык кызматкерлерге жукту, анын 2097си сакайды.

Exit mobile version