Марал Радиосу

Евразиялык фонддун кеңеши Кыргызстанга 100 млн доллар насыя берет

Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун кеңеши Кыргызстанга 100 млн доллар насыя бөлүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул тууралуу Орусиянын Каржы министрлигине шилтеме келтирип, Reuters агенттиги жазат.

Насыя өкмөттүн жана Кыргызстандын Улуттук банкынын коронавирустун экономика, каржы жана социалдык тармактарына тийгизген таасирин жоюу программасын ишке ашырууга багытталат.

Маалыматта насыянын шарттары тууралуу айтылган эмес.