Марал Радиосу

Атайын операция учурунда кыргызстандык балбан өлтүрүлдү

Эркин күрөш боюнча Азия чемпиону, Кыргызстан үчүн ойногон Муслим Евлоев атайын операция учурунда Ингушетияда согушкер катары өлтүрүлдү. Бул тууралуу «Интерфакс» агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине көмүскөдөгү бандиттик топтун мүчөсү үйлөрдүн биринде жашынып жаткан болушу мүмкүн деген ыкчам маалымат келип түшөт. Назрандагы темир жол станциясынын аймагындагы үйлөрдү текшерүү учурунда атышуу болгон. Мушкер катуу жаракат алган.

Кийинчерээк Назрандагы (Ингушетия) атайын операция учурунда өлтүрүлгөн киши мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдүн мүчөсү экени аныкталган.

Эскерте кетсек, Евлоев 2015-жылдан бери Кыргызстан үчүн ойноп, Азия чемпионатында алтын медаль алып келген.

Ошондой эле Бакуда өткөн Ислам тилектештик оюндарында жеңишке жеткен. Мындан тышкары ал Азия чемпионатында күмүш медалга ээ болгон.