Биз менен байланышыңыз

Нарында программалоо боюнча IT-лицейи ачылды

Кыска кабар | 7 Авг 2020 | 829 | 1

Нарын шаарындагы №87 кесиптик лицейдин негизинде программалоо боюнча IT-лицей ачылды. Бул тууралуу Кыргызстандын IT Ассоциациясынын аткаруучу директору Ширин Муканбетова «Маралга» кабарлады.

Анда Python, Javascript ​программалоо тилдери боюнча ​1 жылдык жана 3 жылдык окутуулар уюштурулуп, программист кесиби боюнча башталгыч кесиптик билим жөнүндө диплом жана 9- класстын бүтүрүүчүлөрүнө мектепти аяктагандыгы тууралуу күбөлүк ыйгарылат.

Окуунун акысы 9-класстар үчүн жылына 36 миң сом, 11-класстарга 50 миң сом. Окутууну Кыргызстандын IT Ассоциациясынын атайын даярдалган адистери жүргүзөт.

Учурда жаңы окуу жылына карата абитуриенттерди кабыл алуу жүрүп жатат. Нарындагы жаңы ачылган лицейде студент же окуусун бүтпөй калгандар да 1 жылдык программага тапшыра алат.

Кыргызстандагы Сорос фонду, Программалык камсыздоолорду жана кызматтарды өндүрүүчүлөрдүн Кыргыз Ассоциациясы аймактык кесиптик окуу жайлардын базасында IT-лицейлерди ачып жатат. 2020-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрү үчүн Токмок, Талас, Каракол, Нарын, Кызыл-Кыя, Бишкек шаарларындагы кесиптик лицейлердин негизинде IT-лицейлер тармагы түзүлүүдө. ​

Мындан тышкары, 15 жаштан жогору болгон бардык курактагыларга да «50 миң программист» деген жаңы долбоор башталат. Анын алкагында пандемия маалында ишсиз калган, жабыркаган адамдар окуй алышат.

Азыркы учурда Кыргызстанда программисттер тартыш болгон үчүн айлык маянасы 300 доллардан жогору турат. Ири компанияларда IT адистеринин айлыгы 5000 доллардын тегерегинде болот.

Ал эми америкалык компанияларда иштеген программисттердин эмгек акысы тажрыйбасына жараша жылына 60 миң — 100 миң долларга чейин жетет. Окуу менен стажировканы чогуу алып кетсе жана 10 айдан кийин иштеп баштаса болот.

 

 

1 пикир

1 пикир

  1. Айна

    07.08.2020 17:02

    Саламатсыздарбы? Караколдо кайсы кесиптик лицейде Айти лицейи ачылды?

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM