Биз менен байланышыңыз

Трамп TikTok жана WeChat «коркунучуна» каршы жарлыктарга кол койду

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Авг 2020 | 609 | 0

АКШнын президенти Дональд Трамп «TikTok коркунучуна каршы күрөшүү жөнүндө» жарлыкка кол койду. Ушундай эле жарлыкка WeChat кытай мобилдик тиркемесинин «коркунучуна» каршы туруу үчүн да кол коюлган. Бул тууралуу Ак үй жарыялады.

Жарлыктар кол коюлган күндөн 45 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Алар ByteDance жана Tencent ээлик кылган тиркемелерге  тыюу салат», —  деп жазат РИА Новости.

Жарлыктарда TikTok жана WeChat АКШнын улуттук коопсуздугуна, экономикасына жана саясатына коркунуч катары аныкталган. Колдонмолор колдонуучунун маалыматын чогултары айтылган.

«Бул Кытайга федералдык жана подряддык кызматкерлердин жайгашкан жерин иликтөөгө, шантаж кылуу үчүн жеке маалыматтарды түзүүгө жана өндүрүштүк тыңчылыкты жүргүзүүгө мүмкүндүк берет», — деп айтылат жарлыкта.

Буга чейин АКШнын президенти Microsoft же дагы бир америкалык компания TikTok сервисин 15-сентябрга чейин сатып алышы керектигин, болбосо өлкөдө колдонууга тыюу салынарын айткан.

Microsoft бул колдонмону сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү уланта тургандыгын ырастады.

Copyright © 2017 Maral FM