Кытайдын түндүгүндөгү Ички Монголия автономиялык районунда бир жаран кара тумоо илдетинен каза тапкан соң бул аймакка карантин киргизилген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Ага ылайык, өлүм Баотоу округундагы Дархан-Моминган округунда катталды. Бейтап менен 35 адам байланышта болгону аныкталды.
Райондо жогорку эпидемиологиялык тобокелдик режими киргизилди. Бул режим жылдын акырына чейин улантылат, анткени жергиликтүү бийлик кара тумоонун күчөп кетишинен чочулоодо.