Марал Радиосу

Статистикалык комитеттин төрагасынын орун басары каза болду

Улуттук статистикалык комитетинин төрага орун басары Кошой Исалиев 63 жаш курагында эки тараптуу пневмониядан каза болду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Кошой Исалиев статистика органдарында 1999-жылдан бери иштеген. 2013-жылы Улуттук статистикалык комитеттин Башкы эсептөө борборунун башчысы болуп дайындалган, 2014-жылы Бишкек шаардык башкармалыгын жетектеген.

Кошой Исалиев 2019-жылдын февраль айында Улуттук статистикалык комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалган. Ал республиканын аймагында 2020-жылы белгиленген эл жана турак-жайды каттоо тармагын көзөмөлдөп, даярдык иштерине чоң салымын кошкон.

Улуттук статистика комитетинин эмгек жамааты маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Улуттук статистикалык комитет — республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалыматтарды берген мекеме.