Хиросима менен Нагасакинин бомбаланганына 75 жыл болду (фото)
Айпери Кыдырали кызы
Хиросиманын бомбаланганына 75 жыл толгонуна байланыштуу Японияда жана жалпы дүйнө жүзүндө трагедиянын курмандыктары эскерилди.
75 жыл мурун 1945-жылы 6-августта япониялык Хиросимада сааттын жебелери токтоп калды. Бул эртең мененки саат 8:15те болгон. АКШ шаарга өзүнүн атомдук бомбасын таштаган. 9-августта атомдук бомба Нагасаки шаарына ташталган.
Жыл сайын Хиросимада он миңдеген япониялыктар чогулуп, каза тапкандарды эскерип келишет. Быйыл коронавирус пандемиясынан улам апаатты эскерүү иш-чаралары дээрлик жупуну өттү. Хиросимада 6-августта коңгуроолор кагылып, эскерүүгө премьер-министр Синзо Абэ катышты, чет өлкөлүк коноктордун саны чектелүү болду. Ортодогу аралык сакталып, келгендердин баары беткапчан отурду. Шаардык паркка кирип -чыгуу чектелди, эскерүү иш-чарасына апааттан аман калгандар менен алардын жакындары гана катышты.