Марал Радиосу

Хиросима менен Нагасакинин бомбаланганына 75 жыл болду (фото)

Хиросиманын бомбаланганына 75 жыл толгонуна байланыштуу Японияда жана жалпы дүйнө жүзүндө трагедиянын курмандыктары эскерилди.

75 жыл мурун 1945-жылы 6-августта япониялык Хиросимада сааттын жебелери токтоп калды. Бул эртең мененки саат 8:15те болгон. АКШ шаарга өзүнүн атомдук бомбасын таштаган. 9-августта атомдук бомба Нагасаки шаарына ташталган.

Жыл сайын Хиросимада он миңдеген япониялыктар чогулуп, каза тапкандарды эскерип келишет. Быйыл коронавирус пандемиясынан улам апаатты эскерүү иш-чаралары дээрлик жупуну өттү. Хиросимада 6-августта коңгуроолор кагылып, эскерүүгө премьер-министр Синзо Абэ катышты, чет өлкөлүк коноктордун саны чектелүү болду. Ортодогу аралык сакталып, келгендердин баары беткапчан отурду. Шаардык паркка кирип -чыгуу чектелди, эскерүү иш-чарасына апааттан аман калгандар менен алардын жакындары гана катышты.
Хиросимага ташталган «Балакай» деп аталган бомбанын макети. Бомбанын курамында 64 кг уран болгон.

Хиросимадагы жардыруудан каза болгондордун саны 90 миңден 166 миңге чейин жеткен.

Андан 3 күн өтүп 9-августта 21 килотонналык кубаттуулуктагы «Толстяк» атомдук бомбасы Нагасаки шаарына ташталган.
Нагасакиде курман болгондордун саны 60 миңден 80 миңге чейин жеткен.

Нагасакиде 52 000 имараттын 14 миңи кыйрап жок болгон. Ошентсе да Нагасаки Хиросимага караганда азыраак зыянга учураган.
Өзөктүк бомбанын жарылуудан кийинки эле кесепетинен 80 миң киши каза тапкан. 1945-жылдын соңунда радиоактивдүү нурлануудан жана башка тескери кесепеттеринен жалпысы болуп 166 миң киши мерт болгону белгилүү болгон.
Бүгүнкү күндө Японияда 136 миңдей хибакуся жашайт — жардыруудан аман калгандарды ушинтип атап коюшат. Алардын орто жашы 83тү түзөт.